Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды

08.06.2023 16:17
385
Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды


Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңеште “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.


Мыйзам долбооруна 73 депутат "макул", 3 депутат "каршы" деп добуш берди.


Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Президенти. Март айында Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорунун концепциясына каршы чыгып, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүшкөн.


Толукталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде экинчи окууда каралды. Ал эми бүгүн, 8-июнда парламенттин кароосуна чыгарылды.


Жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорундагы беренелердин саны 22ден 15ке кыскарганын билдирди.


Депутат Эльвира Сурабалдиева билдиргендей, Элдик Курултайга 700 делегат шайланат. Бирок, мыйзам долбоорунда аялдар тууралуу бир да сөз жок, деди ал гендердик маселеге байланыштуу. Эл өкүлү референдумда жарыяланган маселелер боюнча сунуштар жагынан мыйзам долбоорунун 5-беренесине көңүл бурду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн