Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Кеңеш Каныбек Иманалиевди Билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди

01.03.2023 18:01
305
Жогорку Кеңеш Каныбек Иманалиевди Билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Каныбек Иманалиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.


Алгач талапкер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов учкай маалымат берди.


Өз кезегинде талапкер билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасына кеңири токтолду. К.Иманалиев заманбап билим берүү системасына коюлуучу бардык негизги тенденцияларды, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын эске алуу менен бул тармакты реформалоо зарылдыгын белгилеп, бардык күч-аракетин, билимин жана тажрыйбасын улуттук билим беруу системасын өнүктүрүү үчүн жумшай турганын убадалады.


Талкуу маалында эл өкүлдөрү ата мекендик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу программаларынын мазмунун модернизациялоо, жаңы мектептерди куруу, санариптик окутууну өнүктүрүү, ошондой эле педагогикалык кадрлардын потенциалын жогорулатуу, мугалимдерге стимул берүү жана башка актуалдуу сунуштарды айтышты.


Алсак, депутат Азизбек Турсунбаев мектептерди керектүү материалдык-техникалык база, окуу китептери менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.


Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билим берүү тармагын реформалоо, билим берүү инфратүзүмүн жакшыртуу маселелерине көңүл бурду. Депутат Дастан Бекешев белгилегендей, заманбап билим берүү системасы балдарды ойлонууга, маалыматты талдоого үйрөтүшү керек. Мындан тышкары, ал майып балдардын керектөөлөрүн эске алып, инклюзивдүү билим берүү принциптерин киргизүүнү сунуштады.


Депутат Адахан Мадумаров билим берүү мекемелерин каржылоо, андагы мамлекеттин жана ата-энелердин катышуусунун деңгээлине кызыкса, эл өкүлү Карим Ханжеза өсүп келе жаткан муунду идеологиялык, руханий жактан тарбиялоо, окуучуларды социалдык-эмоционалдык өнүктүрүү маселелерин ортого салды.


Добуш берүүнүн жыйынтыгында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Каныбек Иманалиевди дайындоого макулдук берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн