Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка колдоп беришти.
Жыйында Садыр Жапаров учурдагы кырдаалга байланыштуу өкмөттүн курамында эч кандай өзгөрүүлөр болбой тургандыгын, өкмөттүн түзүмү жана курамы ошол бойдон каларын билдирди.
Садыр Жапаров жыйында вице-премьер-министр Асрандиев Эркин Шамшудинович кызматтан өзү оозеки баш тартканын жана ал бул курамда эмес экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн