Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган талапкерлерге добуш берүү улантылды.
Жыйынтыгында кеңештин курамына төмөндөгүлөр тандалды:
- “Ишеним” парламенттик фракциясы тарабынан сунушталган Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов;
- Юридикалык коомчулук тарабынан сунушталган талапкер Эрлан Базарбаев;
- Президент тарабынан сунушталган Бакыт Кыдыралиев.
Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине сунушталган судьялардын талапкерлери:
- Марат Акбердиев,
- Нургуль Асанова,
- Эльмира Барыктабасова,
- Шералы Камчибеков,
- Айвар Кубатов,
- Дамира Сагынбекова,
- Аида Сейдакматова,
- Азис Эшалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн