Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Сотторду тандоо кеңешинин 9 мүчөсүн шайлады.
Талапкерлер квотанын негизинде үч тараптан сунушталды.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынан сунушталгандар:
Мунара Жолдошова;
Болоткан Дүйшөналиев;
Жолдошбек Сулайманов.
Оппозициялык фракциялардан сунушталгандар:
Алмазбек Арзыбаев;
Бактыбек Сатылганов;
Динара Качкыналиева.
Соттор кеңешинен сунушталгандар:
Шералы Камчыбеков;
Мирад Диниев;
Эмира Барктабасова.
Натыйжада добушка коюлуп, талапкерлердин баарын шайлоого 62 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн