Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңеш Зулушевдин отчётун канааттандырды

07.04.2022 10:03
443
Жогорку Кеңеш Зулушевдин отчётун канааттандырды

6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокурордун 2021-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндөгү отчётун канааттандырарлык деп табышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды. Аталган маселе боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасады.


Талкуунун жүрүшүндө депутаттар өлкөдөгү мыйзам бузуу фактыларына көңүл буруп, прокуратура органдарынын жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Ошондой эле парламентарийлер мыйзамдарды колдонууда адилеттүүлүк принциптерин сактоо зарылдыгын баса белгилешти.


Ошондой эле депутаттар прокуратура органдарынын негизги күч-аракети коррупция менен күрөшүүгө, укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды сактоого, мыйзамдуулукту камсыздоого, бизнести жана ишкерликти коргоого, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталышы керектигин белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн