Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда кабыл алды

12.06.2024 16:11
225
Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда кабыл алды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "КР судьяларынын статусу жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Демилгечи – Кыргызстандын президенти.

Мыйзам долбоору иштерди кароодо мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга, судьялар корпусунун курамынын сапатын жакшыртууга, судьялардын кесиптик квалификацияларын жана чеберчиликтеринин өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө, кошумча кесиптик даярдоо зарыл болгон учурду аныктоого жана кызматтан жылдырууга адилеттүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Андан тышкары, жыйындын жүрүшүндө "КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Муну менен катар "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Демилгечилер – депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн