Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жогорку Кеңеш бүгүн Эдил Байсаловдун маселесин карайт

22.06.2023 11:17
399
Жогорку Кеңеш бүгүн Эдил Байсаловдун маселесин карайт


Жогорку Кеңеш түштөн кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун маселесин карайт. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев жыйында билдирди.


Ал кесиптештерине президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары тууралуу сүйлөшкөнүн айтты.


«Кайсы бир деңгээлде чечим бар. Түштөн кийин маселе парламенттин кароосуна киргизилди. Анын авторитетин көтөрүүнүн, трагедия кылуунун кереги жок”, - деп Нурланбек Шакиев парламентке кайрылды.


Буга чейин социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында чиновник депутаттар менен жаңжалдашкан. Эдил Байсалов аларга министрлер кабинетинин ишине кийлигишпеши керектигин айтып, ыйгарым укуктарыңардан аша чаап кеттиңер деп айыптаган. Эл өкүлдөрү буга нааразы болуп, анын отставкасын карап чыгууну сунушташкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн