Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 1-апрелде кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында “Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдардын долбоолору жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору каралат.
Ошондой эле, «Валюталык инфляцияга
жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс
социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку
Кеңештин токтомунун долбоору бекитилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн