Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жогорку Кеңеш чек ара жаңжалы тууралуу маселени жабык эшик артында карамай болду

04.06.2020 15:05
1333
Жогорку Кеңеш чек ара жаңжалы тууралуу маселени жабык эшик артында карамай болду


Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен өзбек-кыргыз элинин ортосунда чек ара боюнча 31-майда чыккан жаңжалды эки тараптуу чечүү тууралуу гана сөз болгон. Бул биздин негизги максат болчу, деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-июндагы жыйынында.


Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүдө элдин мурдагы тынч жашоосуна алып келүү талкууланган. “Ал жердеги буга чейинки жана ошол күнкү сүйлөшүүлөр тууралуу ЖМКга маалымат бергем, элдин баары окуду деп ойлойм. Чек арага байланышкан маселелерде ар кандай ньюнстар болот экен, ошондуктан жабык эшик артында кароону өтүнөм”, - деп билдирди Боронов.


Бул сунушка төрага Дастан Жумабеков баш болгон башка депутаттар да макул болушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн