Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:26
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жогорку Кеңеш дээрлик 8 миллионго компьютер сатып алууга конкурс жарыялады

17.08.2023 09:10
176
Жогорку Кеңеш дээрлик 8 миллионго компьютер сатып алууга конкурс жарыялады


Жогорку Кеңешке 130 даана персоналдык компьютер сатып алууга конкурс жарыяланды. Бул тууралуу жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.


Аталган компьютерлерди сатып алууга 7,8 миллион сом сунушталган. Анда "квалификациялык талаптар менен котировкаларды сурап алуу" ыкмасы колдонулат. Мында электрондук каталог аркылуу эң аз баа көрсөтүү негизги критерий болуп саналат. Конкурс шашылыш өткөрүлүп, катышууну каалагандар үч жумушчу күндө табыштама берүүгө үлгүрүшү керек.


Парламент Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяны 16-августта чыгарган, мөөнөтү 22-августта аяктай турганы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн