Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеш ишин баштап, кайра тарап кетти

01.09.2022 10:51
773
Жогорку Кеңеш ишин баштап, кайра тарап кетти

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары кезектеги экинчи сессиясын баштады. 


Жогорку Кеңештин жаңы сессиясынын расмий ачылыш аземине КРнын президентинин администрациясынын башчысы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.


Акылбек Жапаров өз сөзүндө Жогорку Кеңештин алдыдагы иштерине ийгилик каалап, өкмөт менен тыгыз иштешүүгө чакырды.


Андан соң, төрага Талант Мамытов бүгүн расмий ачылыш болгондуктан каттоо жүрөбөгөнүн билдирип, кийинки жумада комитеттер регламентке ылайык ишин баштай турганын айтты.


Ошентип, айрым депутаттардын сунуштарына карабай Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгүн кийинки аптада комитеттерден баштамай болуп тарап кетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн