Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жогорку Кеңеш коронавирус боюнча өкмөттүн маалыматын угуп, токтом кабыл алды

19.03.2020 15:52
595
Жогорку Кеңеш коронавирус боюнча өкмөттүн маалыматын угуп, токтом кабыл алды


Жогорку Кеңеште коронавирус боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында токтом кабыл алынды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан билдирди.


Өкмөткө коронавирус илдетине каршы аракеттерди күчөтүп, анын жайылышына жол бербөө, калкты дары-дармек жана азык-түлүк менен өз маалында камсыз кылуу, тартип жана жоопкерчилик чараларын катуулатуу, чек арадан өткөн жарандарга көзөмөлдү күчөтүү жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.


Премьер-министрдин айтымында, коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб түзүлүп, жугуштуу илдеттин алдын алуу жаатында бир катар иштиктүү чаралар көрүлдү.


«Буга чейин чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды алып келүү, алар үчүн медициналык байкоо жайларын түзүү, илдетке шектүү адамдарды обвервацияда кармоо жумуштары жасалды. Азыр 3 адамдын илдет жуктуруп алганы аныкталды, ал эми 386 киши карантинде турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Ошондой эле, мамлекеттик органдар менен мекемелер күнү-түнү үзгүлтүксүз иштөө режимине өтүп, калкты тийиштүү дары-дармектер менен камсыз кылуу, азык-түлүктөрдү даярдоо жана корун түзүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чаралары көрүлүп жатканы белгилүү болду. 


Депутаттар өкмөт мүчөлөрүн, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерин, жалпы эле жарандарды коронавирус илдети жөнүндөгү ар кандай айың кептерге ишене бербей, сабырдуу болууга, башаламандыкка жол бербей, тартипти сактоого, илдеттин алдыналуу чараларына жоопкерчиликтүү мамиле жасап, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Жогорку Кеңеш бул багытта Өкмөткө жакындан жардам берүүгө даяр.


Андан тышкары, журт башына кыйынчылык түшүп турган кезеңде калк арасын козуткан, учурдан пайдаланып пайда табууну көздөгөн, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга кайдыгер мамиле жасаган, коронавирус илдети жөнүндө жалган маалыматтарды тараткан жактарга карата катаалдаштырылган жоопкерчилик чараларын колдонуу, алтургай, кылмыш иштерин козгоо зарылдыгы жөнүндө сөз жүрдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн