Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеш көзөмөлчүлүк кеңешинин ыйгарым укуктарын кеңейткен түзөтүүлөрдү карады

18.06.2020 12:59
1269
Жогорку Кеңеш көзөмөлчүлүк кеңешинин ыйгарым укуктарын кеңейткен түзөтүүлөрдү карады


Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 18-июндагы жыйынында депутаттар “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашты. Долбоордун демилгечилери – депутаттар М.Мавлянова, А.Турсунбаев, Т.Тиллаев, А.Алтынбеков, У.Ормонов.

 

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору аркылуу социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөл функцияларды ишке ашыруу жана жардам берүү боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталууда. Демилгечилер белгилегендей, 2014-жылы кабыл алынган “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзам жетишээрлик натыйжалуу ишке ашпай жатат. Социалдык стационардык мекемелерде, балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарында бүгүнкү күндө бир да көзөмөлчүлүк кеңеш толук кандуу иштеген жок, кээ бирлерине али түзүлө да элек.


Ошол эле учурда дал ушундай мекемелерде калктын аялуу катмарларын, жетим балдарды, ата-энесиз калган балдардын жашоосуна, тамактануусуна жана медициналык жактан тейленүүсүнө коомдук көзөмөлдүн зарылчылыгы бар. Ушуга байланыштуу көзөмөлчүлүк кеңештери толук кандуу жана натыйжалуу иштеши керек.


Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн