Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты

13.05.2020 19:10
958
Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты

 

Кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отчётун депутаттар канааттандырарлык деп таап, токтом долбоорун кабыл алды.


Ага ылайык, премьер-министр Жогорку Кеңештин комитеттиринин чечимдерине, көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл бурууга жана аларды чечүүгө конкреттүү чараларды кабыл алууга тийиш.


Берилген тапшырмалар боюнча иштердин аткарылышы тууралуу Жогорку Кеңеште өкмөт ушул жылдын декабрь айында отчет бериши милдеттендирилет.


Ал эми ушул токтомдун аткарылышын Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери көзөмөлгө алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн