Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 12:48:42
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырды

22.10.2020 22:36
654
Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырды


Бүгүн, 22-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча мыйзам долбоорду жактырды.


Бул мыйзам долбоор А.Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов, А.Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков, Өмүрбек Бакиров тарабынан демилгеленген. 


Вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, 83 депутат мыйзам долбоорду жактырды. 


Демилгечинин айтымында, парламенттик шайлоону Конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өткөрсө болот. Бирок ал 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.


Буга чейин Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоону жаз мезгилине чейин жылдырып, ага чейин Конституциянын кээ бир жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу түшкөнүн айткан. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн