Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңеш Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин колдоду

01.04.2020 19:27
1576
Жогорку Кеңеш Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин колдоду


Жогору Кеңеш бүгүн, 1-апрелде кезексиз жыйынында саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин талапкерлигин колдоп берди.


Анын талапкерлиги менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Анын маалыматы боюнча С.Абдикаримов 40 жылдай медицина тармагында эмгектенген. Ал иш билги адис катары министрликти жакшы жетектеп, мыкты жыйынтыктарды чыгарууга билимин жумшайт деген ишеничин белгиледи.


Жыйынтыгында эл өкүлдөрү министрлик кызматка талапкерлигин колдогон токтом долбоорун кабыл алышты.


Эскерте кетсек, бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн