Аяк оона 17, 2025
Убакыт: 16:25
USD
87.30
87.80
EUR
103.10
104.10
RUB
1.045
1.080

Жогорку Кеңеш төрагасына Санкт-Петербургдан 800дөй мекендеш кайрылып жатканы айтылууда

29.05.2020 09:07
1444
Жогорку Кеңеш төрагасына Санкт-Петербургдан 800дөй мекендеш кайрылып жатканы айтылууда


Иштелип чыккан алгоритмдин алкагында 10 миңден ашуун мекендеш Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кечээ, 28-майда парламент жыйынында билдирди.


Ошондой эле ал өкмөттү бул жааттагы иштерди дагы ыкчам улантуу менен Санкт-Петербург шаарындагы кыргызстандыктарга көңүл бурууга чакырды.  


"Санкт-Петербургдан бир дагы чартердик каттам уюштурулган жок. Бүгүнкү күндө аталган шаардагы 800дөй мекендешибиз үйүнө кайтууну каалап жатышкандыгын билдиришти. Алар өз каражатына авиабилеттерди алууга даяр. Андыктан өкмөт маселени чечүүнү ыкчамдатышы шарт", - деди төрага.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн