Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеш үй салуу үчүн Сауд фондунан 100 млн доллар насыя алууну колдоду

29.06.2023 15:32
319
Жогорку Кеңеш үй салуу үчүн Сауд фондунан 100 млн доллар насыя алууну колдоду


Жогорку Кеңеш Сауд фонду тарабынан Кыргызстанга 100 миллион доллардын бөлүнүшү боюнча макулдашууну үчүнчү окууда ратификациялады.


Каражат 25 жылга берилүүдө, анын беш жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп 1,5 пайыздык үстөк төлөнөт. Долбоорду Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырмакчы.


100 миллион долларга Кыргызстан 174,5 миң чарчы метр турак жай, башкача айтканда, 40-85 чарчы метрлик үч миң батир курууну пландап жатат. Үйлөр аз жана орточо киреше көргөн бүлөлөргө каралган.


Ипотека "Менин үйүм - 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына алгач ижарага алып, кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган шарт менен берилет. Долбоор 2028-жылдын соңунда аяктай турганы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн