Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун арызынын негизинде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган депутаттык мандатты “Ыйман нуру” партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Эрнис Айдаралиевге өткөрдү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Парламенттин жаңы депутаты 39 жашта. Ал Ош облусунун Алай районунда туулган. Жусуп Баласагын атындагы КУУну юриспруденция адистиги боюнча, ошондой эле КГУСТАны экономист адистиги боюнча аяктаган.
Эске салсак, БШК Нуржигит Кадырбековдун арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн