Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин үч жаңы депутатын каттоого алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы 28-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын Нурлан Сырдыбаев, Мээримбек Койчуманов жана Осмон Турдумамбетов алды.
Алар буга чейин мандатын тапшырган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болгон Зиядин Жамалдиновдун, Алтынбек Жунус уулунун жана «Кыргызстан» партиясынан депутат болгон Данияр Төлөновдун ордуна келишти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн