“КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамынын долбоору 6-майдан тарта Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.
Бул долбоордун максаты - пропорционалдуу шайлоо тутумунун
бир түрүнөн экинчисине, тактап айтканда партиялык жабык тизмеден партиялык ачык
тизмеге өтүү саналат.
Мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттары А.Сулайманов, М.Абдылдаев, А.Жапаров, М.Жеенчороев, Р.Казакбаев, М.Маматалиев, А.Алтынбеков, Ж.Акаев, А.Карашев, К.Рыспаев, А.Нурбаев, Д.Бекешев, З.Жамалдинов жана А.Мамашова тарабынан демилгеленген.
Алардын айтымдарында, мыйзам долбоорунда шайлоочуга
саясий партияны дагы, талапкерлердин тизмесиндеги конкреттүү адамды дагы тандоо
мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле талапкерлерге партияга дагы, өзү үчүн дагы
алардын жекече жана кандайдыр бир өз алдынча болуусу үчүн шарттарды түзүп берүү
менен иштөө боюнча милдеттер чечилет.
“Кыргызстанда парламентке шайлоо республикалык бирдиктүү округ тутуму боюнча 2007-жылдын ноябрындагы партиялык жабык тизмени колдонуу менен өткөрүлүүдө. Пропорционалдуу тутумдун мындай түрүн колдонуунун 13 жылдык тажрыйбасы өзүнүн оң жана аны менен бирге эле терс жактарын айгинеледи”, - деп жазылат маалымкат-негиздемеде.
Анда белгиленгендей, айрым көз карандысыз эксперттердин, саясат таануучулардын, саясий жана коомдук ишмерлердин ой-пикирлери боюнча талапкерлердин жабык тизмесинин эң негизги кемчилиги - талапкерлердин жабык тизмеси боюнча шайланган депутаттардын шайлоочулар менен болгон начар байланышы саналат.
Андан тышкары, көз карандысыз эксперттер
тарабынан алтынчы чакырылыштагы парламенттин сапаттык курамына (кесиптер
боюнча) жүргүзүлгөн талдоого ылайык Жогорку Кеңештин 120 депутатынын ичинен
50дөн ашпаган (42%дан көп эмес) депутат бизнес өкүлдөрү болсо, ал эми 40ка
жетпеген депутат (33%га жакыны) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү
болуп саналат.
Партиялык тизмедеги орундарды эл, шайлоочулар өздөрү эмес партия же партия жетекчилиги чечет. Айрым учурларда мандаттарды бөлүштүрүү процесси партия ичиндеги “коррупция” менен коштолгон, бул мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча саясатына карама-каршы келет. Талапкерлердин тизмесиндеги катар номер же жайгашуу кезеги талапкерлике коюлуучу адамдын партиянын шайлоо фондуна же партиянын “кол башчысына” берилген акчалай түрдөгү салымдын өлчөмүнө жараша болгон.
Ушуга байланыштуу конституциялык
мыйзамдын бул долбоору коррупцияга каршы чара катары партия ичиндеги күчтүү
атаандаштык үчүн шарттарды түзүп берет, деп айтылат негиздемеде.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн