Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жогорку Кеңеште ААР байланышкан мыйзам долбоорлору I окууда кабыл алынды

13.06.2024 14:03
251
Жогорку Кеңеште ААР байланышкан мыйзам долбоорлору I окууда кабыл алынды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КР президенти "КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө", "КР администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Административдик-аймактык реформанын алкагында КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Аталган маселелер боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасады.

Мыйзам долбоорлору президенттин «Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейин Улуттук программасы жөнүндө» 2021-жылдын 22-октябрындагы №435 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2021-жылга чейин Улуттук программасында аныкталган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан, анын 4.3-бөлүмүндө администрациялык-аймактык түзүлүштү жана башкарууну реформалоону ыкчам жүргүзүү, региондорду өнүктүрүүдөгү диспропорцияларды, башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы ажырымдарды жоюу жана акырында региондорду экономикалык өнүктүрүүгө багыттоо жөнүндө аныкталган.

Акылбек Жапаров белгилегендей, административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарды. "Эки облустук деңгээлдеги Кара-Балта жана Кант шаарлары пайда болду. Административдик-аймактык реформага чейин 10 287 штаттык бирдик болсо, реформадан кийин 6 398 штаттык бирдик калды", - деген министрлер кабинетинин төрагасы штатты каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 млрд сомго чейин кыскарганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев өлкөнүн ири шаарларынын башкы пландарын жана башка шаар куруу документтерин даярдоо маселелерин тактаса, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков административдик-аймактык реформанын алкагында кийинки этаптарды ишке ашыруу маселелерине токтолду.

Андан тышкары, депутат Исхак Масалиев жалпы административдик-аймактык реформа активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, каралып жаткан мыйзам долбоорлору кечигип киргизилгенин сындады. Эл өкүлү Медербек Алиев аймактарда кылмыштуулукка каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүрүп, жарандардын укуктук аң-сезими жогорулаганын айтты. Депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Улугбек Ормонов ар бир айылда бирден айыл башчы болуш керек деген сунушту киргизишти. Депутат Жалолидин Нурбаев да бул кызматка жогорку билимдүү, тажрыйбалуу талапкерлерди дайындоо керектигин кошумчалады.

Эл өкүлү Чыңгыз з Айдарбеков административдик-аймактык реформаны жүргүзүү менен бирге бириктирилип жаткан калктуу конуштардын учурдагы чарбалык маселелерин да эстен чыгарбаш керек деген пикирин билдирди.

Депутат Гуля Кожокулова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо маселеси тууралуу соз кылып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын токтотуу шарттары белгиленген жоболоруна токтолду. Депутат Алишер Эрбаев Ала-Букадагы, Чаткалдагы реформага көңүл бурса, эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева айрым калктуу конуштардагы санитардык зоналарынын абалына кызыкты.

Депутат Элдар Абакиров өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн шаарларды жана айылдарды ирилештирүү боюнча чараларды колдоп, муну менен катар учурда Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу маселелерин ортого салды. Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбеков Кант шаарындагы эмен паркынын бир бөлүгүн жеке жактарга өтүп кеткени тууралуу сөз кылып, мэрияны сейил бакты шаардыктарга кайтарып берүүгө чакырды.

Депутат Миргүл Темирбаева "КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» КР президентинин жарлыгына ылайык, Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен жана Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турсун деген пунктуна көңүл буруп, бирок буга карабастан 2024-жылдын 7-февралындагы министрлер кабинетинин токтомунун негизинде 2024-жылдын 1-апрелинде Лейлек районунда 98 муниципалдык кызматкерлер жана 3 жергиликтүү кеңештердин кызматкерлери жумуштан кетирилгенин белгилеп, бул чечимдин мыйзамдуулугу тууралуу суроолорду узатты.

Андан тышкары, эл өкүлү Арсланбек Малиев райондук деңгээлдеги реформа качан ишке ашат деп сурады. Буга Акылбек Жапаров 2026-жылга чейин айыл аймактарды ирилештирүү гана жүргүзүлөрүн билдирди. Депутат Надира Нарматова жаңыдан түзүлгөн айыл аймактардын инфратүзүмүн, анын ичинде ички жол тармактарын өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн