Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

31.05.2023 14:18
405
Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү


Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында белгилүү болду.


Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди: Карим Ханжеза, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожогулова, Мурадил Садыков, Фархад Алимджанов, Мирлан Самойкожо.


Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын мындай кадамы ал үчүн жаңылык эмес экенин айтты. Ал массалык баш аламандык уюштуруу аракети, бийликти күч менен басып алуу аракети жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн