Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңеште Эгемендүүлүк майрамын аймактарда өткөрүү сунушталды

14.05.2020 11:11
861
Жогорку Кеңеште Эгемендүүлүк майрамын аймактарда өткөрүү сунушталды


31-августта белгиленүүчү Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамын жыл сайын кезек менен ар аймактарда белгилөөнү сунуш кылат элем, деп билдирди депутат Жанар Акаев бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ар түрдүү маселелер учурунда.


Депутат Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдык мааракесин Баткен шаарында белгилөөнү сунуш кылды. Андан кийинки жылы Ысык-Көл, Нарын же Талас облусунда белгилөө керек.


Бул маанилүү датаны республиканын ар кайсы шаарларында өткөрүү менен бир облустун эли экинчи облус менен таанышууга жол ачылмак. Президент баш болуп депутаттар, дипломатиялык корпус жана туристтер тарабынан жер-жерлердеги туристтик ишканалардын, мейманканалардын, жолдордун жана башка тармактардын өнүгүшүнө салым болмок. Ар бир аймакка акчалар бөлүнүп, оңдоп түзөөлөр орун алып, Элчилер барып айтор көп жагынан өсүш болот эле”, - деп билдирди Акаев.


Ошондой эле, ал өкмөт бул ишти баштоого азыртадан көңүл буруп, акча караттарын тартууга эмитеден аракеттерди көрө башташы зарылдыгына токтолду. "Себеби ошол мааракелерди өткөрүүнүн алкагында ар бир облуста социалдык, маданий объектилер курулуп, идеологиялык маанидеги иштер жүргүзүлмөк", - деп кошумчалады эл өкүлү.    

 

 

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн