Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 19:42
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Жогорку Кеңеште Евробиримдиктин атайын өкүлү менен жолугушуу өттү

10.12.2024 09:06
110
Жогорку Кеңеште Евробиримдиктин атайын өкүлү менен жолугушуу өттү


Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев бүгүн Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала менен анын миссиясы аяктап жатканына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Жогорку Кеңешетин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлүнүн Кыргызстан менен Европбиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле анын мындан аркы дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы тууралуу сөз козгогон Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан эки тараптуу жана аймактык форматта активдүү диалогду улантууга кызыкдар экенин айтты.

"Бизди жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого жана бекемдөөгө болгон өз ара умтулуу бириктирип турат. Бул контекстте биз мыйзам үстөмдүгү, билим берүүнү өнүктүрүү, санариптештирүү жана транспорттук байланыш жаатындагы Европа Биримдигинин демилгелерин колдойбуз. Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин активдүү диалогу, эки тараптуу байланыштар дагы биргелешкен демилгелерди талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө", - деген Азыгалиев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында Евробиримдик ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин кошумчалады.

Атайын өкүл Терхи Хакала кызматташтык үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип, Европа биримдиги өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүү, социалдык-экономикалык абалды жана коопсуздукту жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана демилгелерди колдой турганын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн