Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жогорку Кеңеште Икрамжан Илмияновдун жоопко тартылбай жүргөнүнө нааразы болушууда

28.02.2024 12:45
166
Жогорку Кеңеште Икрамжан Илмияновдун жоопко тартылбай жүргөнүнө нааразы болушууда


Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев депутат Икрамжан Илмиянов жоопко тартылбай жүргөнүнө нааразы болду.


"Башкаларга сабак болушу үчүн жазадан кутултпоо принциби болушу керек. Өмүрүндө бир китеп окубаган, тек гана "рулду айландырган" адам ушул саясий элитаны түптөгөн. Парламентке бул өтөт-өтпөйт деген. Эмне үчүн ал байлыкты топтоп алып жыргап-куунап жашашы керек да, башкалар тоок уурдаса соттолуп кетет", — деди Алиев.


Ал 2020-жылдагы революцияга парламенттик шайлоо ыплас өтүп, "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" жана "Кыргызстан" партиялары алгачкы катализатор болуп чыга калганы себеп болгонун белгиледи.


"Ошолордун жоон тобу азыркы бийликти да курчап алып, кошоматтанып жүрөт. Муну эч ким тана албайт", — деди Алиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн