Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Конституцияны өзгөртүү сунушун айтты.
Анын айтымында, азыркы учурда Министрлер кабинетин отставкага кетирүү менен маселе чечилбейт.
"Уялбай эле азыркы Конституцияда ушундай жазылып калыптыр, аны оңдоп коёлу деп референдум өткөрүү керек.
Акылбек Жапаров экономиканы көтөрүүгө аракет кылган менен мыйзам башкача болуп калып жатат.
Ошондуктан Баш мыйзамды өзгөртүү керек",- деди депутат Самыйкожо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн