Бугу 20, 2024
Убакыт: 06:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Кеңеште аскер кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

22.02.2024 11:11
281
Жогорку Кеңеште аскер кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды


Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Жогорку Кеңеште аскер кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

Парламенттен билдиришкендей, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов өз тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы, жигердүү имшердиги жана талыкпаган эмгектери үчүн бир катар кызматкерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын, «КР Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалдарын жана Ыраазычылык каттарды тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө депутат Улан Примов мекен чегинде турган аскер кызматкерлерине, өзгөчө кырдаалдардагы куткаруу иштеринде эрдик көрсөткөндөргө терең ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

«Сиздердин мекен үчүн жасап жаткан эмгектериңиз баа жеткис. Мындан ары дагы элибизге ак кызматыңыздарды аткарып, ар дайым бекем ден соолукта болуңуздар», - деп белгиледи депутат Улан Примов.

Белгилей кетсек, сыйлыктар Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн