Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:00
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Жогорку Кеңеште билим берүү мекемелерин 1 айга таратуу сунушталды

12.03.2020 10:36
1066
Жогорку Кеңеште билим берүү мекемелерин 1 айга таратуу сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков бүгүн, 12-мартта коронавирус эпидемиясына байланыштуу мектеп окуучуларын убактылуу таратууну суранды.


Анын пикиринде, бул убакытта үзгүлтүккө учураган окууну жайкы каникул мезгилинде толтурса болот.


"Мен өкмөткө мектептерди, университеттерди таратууну сунуштайт элем. Азыр эч ким санитардык абалды караган жок. Массалык иш-чаралар, ар кандай жыйындар өтүп жатат. Көчөдө элдер эркин басып жүрүшөт, кол алышып, өбүшүп, учурашып, конверт алышып жатышат. Бул деген адамдар өз ден соолугуна кам көрүү, оорунун алдын алуу эрежелерин сакташкан жок дегендик", - дейт ал. 


Депутат ошондой эле, мектептерде өздүк санитардык гигиеналык тазалыкты сактоо эрежелерин үйрөтүү, вирустан сактануу боюнча окутуу долбоорлору иштебей жатканына нааразы болду.


Мындай сунушту башка да кесиптештери колдоп, 15-марттан 15-апрелге чейин 1 айга окутуу процессин токтотууну суранышты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн