Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңеште Өкмөттүн 2019-жылдагы ишинин отчету берилди

16.03.2020 18:10
799
Жогорку Кеңеште Өкмөттүн 2019-жылдагы ишинин отчету берилди


Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп, өкмөт өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан билдиришти.


Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин берген маалыматына ылайык, Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын алкагындагы иштер 95 пайыздын тегерегинде аткарылды.


Бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга жогору дегенди билдирет. Ал эми жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жалпыланган көрсөткүчү 86,2 пайызды түзүп, 0,7 пайызга көбөйгөн.


2019-жылы ИДПнын көлөмү 590 млрд сомду түзүп, макроэкономикалык өсүү 4,5 пайызга жетти. Өлкө экономикасынын бардык тармактарында өсүү байкалып, анын ичинде айыл чарба тармагында 2.6 %, курулуш тармагында 10,6%, кызмат көрсөтүүлөр боюнча 2,9 өсүш байкалган. "Айыл чарбасын каржылоо 7" мамлекеттик программанын алкагында 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилип, жалпы суммасы 5,2 млрд сомду түзгөн. 


«Дыйкандарга 824 млн сомго 341 даана техника лизинг катары берилди. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканаларына салык 80%га төмөндөтүлдү. Былтыр 3 чоң соода логистикалык борбору, 7 жашылча жемиш сакталуучу жай, 28 күнөскана, 7 айыл чарба кооперативи, 19 МТС, 8 мал союучу жай ачылды. Курулуш көлөмү 172 млрд сомду түзүп, республикалык бюджеттен 110 объект каржыланды", - деди Эркин Асрандиев.


Ошондой эле экспорттун жалпы суммасы дээрлик  2 миллиард долларга жакын болуп, өсүү 7%га жеткен. Ал эми импорт 4.9% пайыз көрсөтүп, 7.3 %га азайды. Түз инвестициялардын агымы  876 миллион долларга жетип, 2.9%га өскөнү айтылды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн