Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңеште маселени талкуулабай, мушташтырып көрүп эле чече бере турган деңгээлге жакындап баратабыз

24.06.2021 11:25
1075
Жогорку Кеңеште маселени талкуулабай, мушташтырып көрүп эле чече бере турган деңгээлге жакындап баратабыз


Тагдырдын тамашасыбы, айтор, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары Конституцияда көрсөтүлгөн беш жылдык мөөнөтүнөн бир жыл ашыгы менен отура турган болушту. 6-чакырылыштын маңдайына 6 жылдык мөөнөт туура келгени да кызык болду. Бул көрүнүш эми өнөкөткө айланып, 7-чакырылыш 7 жыл, 8-чакырылыш 8 жыл парламентти ээлеп отурбаса эле болду.


Алардын канча жыл отурганында деле кеп жок. Кеп алардын сапаты, деңгээли кандай болуп жатканында. Жогорку Кеңеш – бул аты эле айтып тургандай эл ичинен калпып алынган каймактардын мамлекеттик маанилүү маселелерди кеңешип, талкуулап чече турган, мыйзам чыгаруучу орган. Демек, ал жерде терең билимдүү, маданияттуу, сүйлөгөн сөздөрү орундуу, жүрүм-туруму башкаларга үлгүлүү, интелектуалдык деңгээлдери бийик, калк көйгөйлөрүн ичинен билген кадыр-барктуу эл өкүлдөрү отурушу керек.


Тилекке каршы, парламенттин улам кийинки чакырылышы мурдагысынан төмөнкү деңгээлде болуп келаткансыйт. Улам кийинки келген депутаттар бири-биринин сөзүн уга албай, укса да туура кабыл ала албай, маселени акыл калчап чечкенге караганда, түйүлгөн муштум менен чече салууну туура көрүп баратышат. Буга жакында эле депутаттык мандат тагынган Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашевдин парламенттин профилдик комитетинин жыйынында мушташып кете жаздаганын мисал кылсак болот. Экөөнүн талашын, Акылбек Кемеловдун «Эй дебей калсаң» деп ордунан тура калып атырылганын карап отуруп зээниң кейийт. Мындай сөздөрдү, мындай атырылууларды илгери мектепте сабакты да дурус окубагандар, тентектиги башынан ашкан окуучу балдар жасайт эле. Азыр эми ал Жогорку Кеңешке чейин көндүм көрүнүш болуп баратат.


Ал эми кечеээки «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Шайлообек Атазов менен Айсулуу Мамашеванын чырлашканын кандай баалайбыз? Ырас, мындай эмоцияны кармана албай, бири-бирине күч колдонуп жибергиси келгендей атырылгандар мурунку чакырылыштарда деле болуп келчү. Бирок, андай көрүнүш сейрек кездешчү. Азыр болсо, улам көбөйүп бараткансыйт. Депутаттар улам майдаланып, улам деңгээлдери төмөндөп барат.


«Күлкү менен уйкуда ар жок» деп коебуз. Анын сыңары Жогорку Кеңештеги депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнө, жүрүм-турумдарына көбүнесе күлүп кала турган болдук. А ырасында бул ыйлай турган жагдай. Убагында экс-спикерибиз Германиянын бир шаарынын аталышын туура эмес айтууну кайра-кайра кайталаса, жакында эле дагы бир депутат лабороториянын атын уят сөзгө жакындаштырып айтып, жаңы шакабалардын чыгышына себеп болду. Ага жооп берип жаткан саламаттыкты сактоо министри да лабороториялардын аттарын жакшы билбей тургандыгын көргөздү. Анын айтымында бизде «Гуман», «Акваварк» деген лабороториялар бар экен.


Ырас, башка элдердин тилиндеги сөздөрдү айтууда оорчулуктар болот. Бирок, көпчүлүк учурда биздин депутаттар жакшынакай эле айтууга мүмкүн болгон сөздөрдү айталбай өздөрүн да ыңгайсыз, угуп жаткандарды да ыңгайсыз кылып жатышпайбы.


Алардын мушташка жакындыгы, сөздөрдү туура айта албагандыктары бир тарабы. Экинчи жагынан көпчүлүк депутаттар жөн гана популизм менен алектенип калышты. Саясий позициялары туруктуулары аз. Убагында «Бизге парламенттик башкаруу өтө ылайыктуу» деген парламент, кайра «Бизге президенттик башкаруу ылайыктуу» экен деп чыкты. Айтор, күн кайсыл жактан чыкса, ошол жакка ыктай берүүнү өөн көрбөй калышты. Анан дагы парламенттин жогорку трибунасынан айтпай, жөн эле ич ара чечип кое турган майда-чүйдө маселелерден бери отурумда сөз кылып, анан коомчулуктун тепкисине кабылып калышат. Мисалы, Ак үйдүн айланасындагы темир тосмо алынгандан кийин, депутаттардын машинасын токтотууга орун калба калып жатканын жогорку трибунадан айтуунун кажети бар беле? Бул маселе жөн эле Жогорку Кеңештин аппараты чечип кое турган маселе.


Бир убакта парламент трибунасынан Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев, Камбаралы Бобулов, Медеткан Шеримкулов, Бекмамат Осмонов, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев сыяктуу аттуу-баштуу, салмактуу саясатчылар, коомдук ишмерлер, адабият өкүлдөрү, белгилүү илимпоздор сөз сүйлөйт эле. Алардын сүйлөгөн сөздөрү да салмактуу, ары угумдуу-жугумдуу болчу.


Дүйнө жүзүндө илим менен техниканын жетишкендиктери күн санап өсүп жатат. Ырас, ал илим менен техниканын жетишкендиктеринин жемиштери (продукциясы) биздин Кыргызстанга да келип, колдонууну бат эле өздөштүрүүдөбүз. Бирок, аларды колдонуу менен эле деңгээлибиз өсүп кетпей жатканын моюнга алалы. Тескерисинче улам сабатсыз, билимсиз жана маданиятсыз болуп баратабыз. Жогорку Кеңеш – бул мамлекеттин күзгүсү. Демек, биздин мамлекетке, элге бериле турган баа парламент депутаттарынын деңгээлине жараша болот.


Аягында айтаарыбыз, 7-чакырылышка да шайлоо болот. Ошондо биз кайрадан эле «чоң муштумдар» менен коммерсанттарды шайлайбызбы, же бир терең ойлонуп көрөбүзбү? Ойлонууга убакыт бар, жетиштүү. Эгерде бул жолу да ойлонууну каалабасак, анда 7-чакырылышта маселени талкуулап отурбай эле, мушташтырып көрүп, анан чече бере турган деңгээлге жетип калышыбыз мүмкүн.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Елибиз акча берсе билимине карабай еле шайлайт дагеле.Булардан бетери келет емкиде.