Бүгүн, 25-майда депутат Айбек Осмонов Жогорку Кенештин жыйынында маймыл чечеги боюнча маселе көтөрдү.
"Дүйнөнү маймыл чечеги деген оору каптап жатат. Кечээ Европанын 17 өлкөсүндө аныкталды. Азыр карантиндик абал киргизебиз деп жатышат. Бизге да, мындай нерселер келбейт деп эч ким кепилдик бералбайт", - деди.
Мындан сырткары, депутат Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруга каршы күрөшүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү керектигин эскертти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн