Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңеште "ак калпак жумасын" киргизүү сунушталды

05.03.2020 13:06
756
Жогорку Кеңеште "ак калпак жумасын" киргизүү сунушталды


Жогорку Кеңештин 5-марттагы жалпы жыйынында Ак калпак майрамын бир жума бою белгилөө сунушталды. Мындай демилгени депутат Тазабек Икрамов көтөрүп чыкты.


"Бүгүн – Ак калпак күнү, баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм. Биз ата-бабабыздан таберик калган улуттук баалуулугубуз ак калпакты майрам күнү эле эмес, такай кийип жүрүшүбүз керек. Ал үчүн Ак калпакты бир күн эле белгилебей, аны Ак калпак аптасы катары жарыяласак жакшы болмок. Ак калпак аптасын мыйзамдаштырып, күндү аптага которуп берсек, бара-бара жаштарды Ак калпакты такай кийип жүрүүгө көндүрүп алмакпыз. Мына ушул маселени чогуу ойлонуп көрүшүбүз керек", - деди депутат.


Мындан сырткары эл өкүлү өкмөт тарабынан кыргыздын улуттук кийимдеринин кадыр-баркын көтөрүү жана даңазалоо иштери жүрбөй жатканына нааразылыгын билдирип, атайын иш-чараларды, билим берүү мекемелеринде улуттук кийимдер тууралуу сабактар көбөйтүлүүсү керектигин айтты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кадыр
Ак калпак күнүңүздөр кут болсун.Кыргыздын улуттук баш кийими дайыма Ала-Тоодой бийик болуп жүрө берсин.