Тогуздун айы 23, 2024
Убакыт: 14:19
USD
85.35
85.85
EUR
91.80
92.80
RUB
0.880
0.915

Жогорку Кеңеште "түнкү тыныгуу" мезгилин аныктоо мыйзамы кабыл алынды

23.10.2024 11:57
20
Жогорку Кеңеште "түнкү тыныгуу" мезгилин аныктоо мыйзамы кабыл алынды


Жогорку Кеңеште "Тынчтык жөнүндө" жана "Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору кабыл алынды.


Ага үчүнчү окууда каттоодон өткөн 78 депутаттын 62си "макул" деп добуш берген.


Мыйзам долбоору төмөнкүдөй талаптарды белгилөөнү сунуштайт:

- ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу;

- тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик;

- жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол бербей турган убакыт мерчемдери.


Долбоор боюнча ызы-чуу жасагандарга милиция чара көрүүгө укуктуу болот. Ошол эле учурда мыйзам түнкүсүн айтыла турган азандарга тиешеси жок экени белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн