Бүгүн, 14-майда парламент жыйынында “КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамынын долбоору каралууда.
Баяндамачы депутат Талант
Мамытовдун маалыматы боюнча, бул мыйзам болдоорунун максаты жана милдети – “КР президентин
жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 64-беренесинде каралган
пайыздык тоскоолдуктарды төмөндөтүү болуп саналат.
2013-жылы шайлоо тоскоолу 5%ды, 2015-жылы 7%ды түзгөн. 2017-жылдан тартып демилгеленип, январь айынан бери күчүнө кирип жаткан жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына өтүү үчүн ат салышкан партиялар жалпы добуш бергендердин 9 пайызына ээ болушу керек.
“Шайлоо босогосунун 9 пайызга жогорулашы менен талапкерлер алган добуштарын жоготуп алышына алып келет. Жогорку Кеңешке 3-4 гана партиянын келиши камсыз кылынат. Кыска убакытта майда партиялардын пайда болуусун же жок болуп кетүүсүн шарттап жатат. 9 пайыздык босогого өтүү менен талапкерлер калк арасында чоң кадыр-баркка ээ болуу максатында ири суммадагы каражаттарды сарптоосуна алып келет. Ошондуктан шайлоо тоскоолдугун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү сунушталат. 7 пайыздык босого менен өткөн парламенттик шайлоо ачыктыкты, өкмөттүн ишин ачык кароого, көзөмөлдөөгө жол ачылганын көрсөткөн. 7 пайыздык босого менен өткөн партиялар эл арасында элдин сынынан өткөн талапкерлер келишин камсыз кылат жана аң сезимдүү шайлоо өтүшүнө мүмкүндүк түзөт”, - деп билдирди Мамытов.
Учурда бул мыйзам долбоору боюнча депутаттар өз сунуштарын айтып, талкуулоо жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн