Бугу 22, 2024
Убакыт: 03:49
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Жогорку Кеңеште шайлоо бүткөнчө тыныгуу алуу сунушталды

03.09.2020 10:58
1148
Жогорку Кеңеште шайлоо бүткөнчө тыныгуу алуу сунушталды


Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө төрага Дастан Жумабеков 4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоого карата үгүт жараяны башталарын билдирип, шайлоо аяктаганга чейин (4-октябрга)  чейин тыныгуу алуу жөнүндө сунуштар келип түшкөндүгүн айтты.


Төраганын айтымында , үгүт жараяны учурунда талапкерлер шайлоочулар менен жолугушат. Алардын ичинде шайлоого кайра бара жаткан депутаттар бар. Жумабеков белгилегендей,  парламенттин жыйындар залы үгүт иштери үчүн аянтчага айланып калышы мүмкүн.


Азыр депутаттар сунуштун токтом долбоору менен таанышып жатышкан учуру.  Күндүн аягына чейин, депутаттар  тыныгуу алып же албай тургандыгын добуш берүү аркылуу чечишет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн