Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:12
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Жогорку Кеңеште жаңы депутат Нургазы Айдаров ант берди

27.05.2020 11:27
1465
Жогорку Кеңеште жаңы депутат Нургазы Айдаров ант берди


Жогорку Кеңештин бүгүн, 27-майдагы жыйынында жаңы депутат болуп барган Нургазы Абдыраевич Айдаров ант берди.


Белгилей кетсек, Айдаров экс-депутат Исхак Масалиевдин ордуна “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат болуп барды.


Өткөн жумадагы парламент жыйынында Исхак Масалиев өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий жана экономикалык абал боюнча кайрылуу жасап, өкмөттүн ишине ичи чыкпай турганын билдирген.


Ал 25-майдан тарта өз каалоосу менен мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын айтып, Жогорку мыйзам чыгаруу органында иштеп келген депутат катары мамлекетте жаралган көйгөйгөргө ал дагы  жоопкерчиликтүү экенин айткан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн