Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:52
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Жогорку Кеңеште жаңы өкмөт президенттин катышуусунда ант берүүдө

03.02.2021 18:16
900
Жогорку Кеңеште жаңы өкмөт президенттин катышуусунда ант берүүдө

Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаровдун катышуусу жана депутаттардын катышуусунда жаңы өкмөт ант берүүдө.


Маалыматка ылайык, бир канча убакыт мурда ЖК депутаттары жаңы өкмөттүн курамын жактырды.

Ага ылайык өкмөт мүчөлөрү төмөндөгүдөй:

Премьер-министр — Улукбек Марипов;

Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;

Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;

Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;

Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;

Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;

Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;

Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;

Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;

Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;

Юстиция министри — Асел Чынбаева;

Маданият министри — Кайрат Иманалиев;

Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;

Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн