Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеште зомбулук кылган адамды тосмо арызга карабай соттоо мыйзамы сунушталды

18.06.2020 16:13
1006
Жогорку Кеңеште зомбулук кылган адамды тосмо арызга карабай соттоо мыйзамы сунушталды


Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады.

 

Демилгечи депутат Исхак Пирматов мыйзам долбоору үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. “Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-76-беренелерин коомдук айыптоо иштердин категориясына киргизүү сунушталууда. Бул учурда укук коргоо органдары, жабырлануучудан арыз түшкөн-түшпөгөндүгүнө карабай, ар кандай булактардан (кошуналар, тууган-туушкандар ж.б.) алынган билдирүүлөрдүн негизинде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыра алышат”, – деди депутат.


Андан тышкары, мыйзам долбоору менен Жазык кодексин 179-1-берене менен толуктоо сунушталат, анда өмүр үчүн коркунучсуз жана ушул кодекстин 138-беренесинде каралган кесепеттерди алып келбеген менен ден соолукка зыян жараткан, бирок убакытка эмгекке жөндөмдүүлүгүн үчтөн биринен кем эмес олуттуу түрдө туруктуу жоготууну чакырган убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузгандыгы үчүн беш жылдан тартып жети жыл алты айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчилик жана жаза белгиленет.


Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн