Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Кеңештеги эки фракция Россиядагы элчини кызматтан алуу сунушу менен президентке кайрылды

09.09.2022 16:11
420
Жогорку Кеңештеги эки фракция Россиядагы элчини кызматтан алуу сунушу менен президентке кайрылды

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештеги "Альянс" жана "Элдик" фракциясы биргелешкен жыйын өткөрдү.

Анда депутаттар Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишине нааразылыгын билдирди.


"Урматтуу Садыр Нургожоевич, жарандар Россиядагы элчиңиз кандай иштеп жатканы тууралуу өзүңүзгө айта албаса да социалдык тармактарда жазып жатышат. Ошондуктан сиз өз эркиңизди билдирип, Россиядагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоп, жакшы иштеше турган адамды кызматка коёт деген ойдомун", — деп кайрылды Түмөнбаев.

Бүгүн аталган эки фракциянын миграциялык көйгөйлөр тууралуу жыйыны өттү. Анын жыйынтыгында чечим кабыл алынып, элчини иштен кетирүү сунуштамасы президентке жиберилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн