Чын курандын 06, 2025
Убакыт: 00:24
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакыруу сунушталды. Парламенттин жообу

14.07.2020 15:19
1160
Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакыруу сунушталды. Парламенттин жообу

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атына депутаттар Н.Никитенко, Р.Момбеков жана Ж.Акаев тарабынан парламенттин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 


"Жогорку Кеңештин регламентине ылайык Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде төрага президенттин, өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча парламенттин кезексиз сессиясын чакыруу укугуна ээ. 


Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш, себебин, кароого сунушталган суроолорду жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен төрагага жиберилиши керек.  


Тагыраагы, жогоруда аты аталган депутаттардан сунушуна Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн бири кошулушу зарыл", - деп айтылат маалыматта.    



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн