Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:13
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жогорку Кеңештин 2 депутаты мандаттарын тапшырат

13.05.2020 12:42
1243
Жогорку Кеңештин 2 депутаты мандаттарын тапшырат


"Кыргызстан" фракциясын өзгөрүүлөр күтүп турат. Мындай маалыматты жергиликтүү ЖМКлардын бирине фракция лидери Алмазбек Баатырбеков билдирген.


Анын сөзүнө караганда фракциянын эки мүчөсү Жаныбек Исаев жана Алмазбек Эргешов мандаттарынан мөөнөтүнөн мурун баш тартып жатышат. 


"Бул алардын өздөрүнүн чечимдери, алардын калоолору. Алар парламенттик шайлоого даярдык көрүүнү каалап жатышат. Күзүндө болчу шайлоодо биздин партиянын тизмеси менен барышат", - деген Баатырбеков.   


Ошондой эле алардын ордуна тизме боюнча өлкөдөгү эң бай адамдардын бири катары эсептелиген, Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробеков барарын айткан. 


Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күзүндө октябрь айына белгиленген. Партияларды каттоо августь айынын аягында башталат.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн