Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:55
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өз ишин расмий жыйынтыктады

30.06.2020 11:34
1479
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өз ишин расмий жыйынтыктады


Жогорку Кеңеште бүгүн, 30-июнда парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков сөз сүйлөп, ант берген өкмөт мүчөлөрүнө ийгилик каалады жана антты кабыл алууга катышкан президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясын аяктап жатканын билдирип, сессиялык мезгил ичинде 136 мыйзам жана 614 токтом кабыл алынганын белгиледи.

Анын айтымында, мамлекеттик органдардын ар жылдык отчеттору угулуп, жарандардын 15 миңден ашык кайрылуулары каралды жана шайлоочулар менен 29 миңден ашык жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле парламент эл аралык кызматташуу жаатында дагы көптөгөн жигердүү иштерди алып барды.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы өз ишин өзгөчө кырдаалда аяктап жатканын баса белгилегим келет. Дүйнөлүк коомчулук күтүүсүз пандемияга кабылып, ошого байланыштуу Жогорку Кеңеште да тез арада тиешелүү чечимдерди кабыл алууга туура келген жагдайлар орун алды. Азыр бардык бийлик органдары күрөш жүргүзүп жатат. Жогорку Кеңеш да ушул багыттагы бир топ мыйзамдарды кабыл алып берди”, - деп билдирди Дастан Жумабеков.

Ошондой эле ал сөзүн аяктап жатып, президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөткө, жергиликтүү бийликке, мамлекеттик органдарга, ЖМКга жана жалпы эле жарандарга тыгыз кызматташ болгондуктары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ушуну менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын 7-сессиясы өз ишин расмий жыйынтыктап, КР Гимни менен жабылды.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн