Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:36
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Жогорку Кеңештин абактагы депутаттары качан боштондукка чыгары белгилүү болду

07.12.2021 21:56
1894
Жогорку Кеңештин абактагы депутаттары качан боштондукка чыгары белгилүү болду

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигенов кайсы учурда боштондукка чыгары белгилүү болду. Бул тууралуу Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылат.




"2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары  А.Ш.Жээнбековго жана Т.З.Зулпукаровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасагандыгы тууралуу,  2021-жылдын 26-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Б.Ж.Жетигеновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 38, 309-беренелеринде (бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү) каралган кылмышты жасагандыгы тууралуу шектелгендиктери боюнча кабарламалар берилип, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.


2021-жылдын 1-декабрына чейин иштеген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин негизинде Жогорку Кеңештин аталган депутаттарын жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор 2021-жылдын 24 жана 29-ноябрында Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларды киргизген.


Башкы прокурордун сунуштамаларынын кароонун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында карап добуш берүү жолу менен жогорудагы депутаттарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат.


Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечиминин негизинде  алынат.


Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш макулдук берген учурда көрсөтүлгөн депутаттар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат, ал эми, макулдук берүүдөн баш тартуусу, депутаттардын камактан бошотулушуна негиз болот жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аларга карата иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат",- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн