Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:35
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жогорку Кеңештин акыркы жыйынынан фоторепортаж

30.06.2020 17:28
908
Жогорку Кеңештин акыркы жыйынынан фоторепортаж


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы курамы мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришти.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабды өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды тереңдетүүчү массалык той-топурларды өткөрүүгө расмий тыюу салууга чакырды.

Экономиканы санариптештирүү жана бизнеске колдоо көрсөтүү, ошондой эле донордук каражаттардын максаттуу жана ачык-айкын пайдаланылышын камсыз кылуу боюнча чаралардын аткарылышына кеңири токтолду.

Президент ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоонун бардык баскычтарында адилеттүүлүктү камсыз кылуу маселесине да токтолуп, саясий партияларга жана күчтөргө адамдардын бөлүнүүсүнө, тынчтыкты бузууга жана жарандардын укуктарына шек келтирүүгө жол берилбеш керектигин эскертти.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү киргизүүнүн жардамы аркылуу коррупция менен күрөшүү, өлкөнүн экспорттук потенциалын көбөйтүү, мыйзамсыз таратылып кеткен жерлерди элге кайтаруу жөнүндө айтып берди.


Сүрөттөр президенттин басма сөз кызматынан алынды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн