Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:24
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Жогорку Кеңештин аталышын өзгөртүү сунушталды

26.11.2020 16:26
1348
Жогорку Кеңештин аталышын өзгөртүү сунушталды

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, мурдагы депутат Эсенгул Исаков Жогорку Кеңештин аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал жыйындын жүрүшүндө билдирди.


Исаков ар бир мамлекеттин парламентинин өз аталышы бар экенидигин,  биздики Верховный Советти эле которуп алганбыз деп Казакстандын Мажилисин мисал катары келтирди. Ошондой эле ал эки палаталуу парламентти киргизүүнү сунуштады.


"Башка өлкөлөрдө депутаттар жана аткаминерлер эл үчүн иштешет. Эгерде алар иштей албай калса, анда кызматтан кетишет. Бизде атасынан калган креслону кармашат. Ошондуктан, биз өз депутаттарыбызды элден шайлашыбыз керек. Кечээ алар эки палаталуу система өзүнүн пайдалуулугун эскирип, иштебей жатат деп айтышты. Бирок бул системадан бир гана жакшы жактарын алалы",- деди экс-депутат.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Буйвол
Анда Жогорку чимкириктер деп коелу
Таа
Атын озгортсо еле жакшы болуп кетеби?