Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Баткен облусунда жүрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Марлен Маматалиев депутаттык топ кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал менен жеринде таанышканын билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жана депутаттардын атынан кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлдү.
“Калкка бардык жагынан колдоо жана жардам көрсөтүлөт”, - дейт Маматалиев.
Эл өкүлү азыркы учурда адамдар биринчи зарылдыктагы товарларга жана азык-түлүк продуктуларына муктаж экендигин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн