Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев кайрылуу жасап, шайлоочуларга ыраазычылык билдирди

30.12.2021 16:13
3490
Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев кайрылуу жасап, шайлоочуларга ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбаев Азизбек Ала-Бука, Чаткал районунун тургундары кайрылуу жасап, шайлоочуларга ыраазычылык билдирди.


"Урматтуу мекендештер!


Кадырлуу Ала-Бука, Чаткал районунун тургундары!


Кечээ, 2021-жылдын 29-декабрында КР Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары борбордук трибунада туруп, жалпы кыргызстандыктардын алдында ант берүү менен ишине расмий түрдө киришти. Алардын катарында бир мандаттуу №18 Ала-Бука шайлоо округунун шайлоочуларынын зор ишеними менен парламентке келген мен, Турсунбаев Азизбек Атакозуевич мекен алдында ак жана таза иштеп берүүгө ант бердим. 


Эми алдыда өтө чоң пландар жана максаттар турат. Сүйүктүү мамлекетибиз Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келген, анын өнүгүп-өсүүсүнө жол ача турган мыйзамдарды жазуу жана кабыл алуу иштери жасалышы керек. Ошол эле убакта мага өз добуштарын берип, терең ишеним арткан Ала-Бука жана Чаткал районунун чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелеринин ырааттуу тартипте чечилишине жол ача турган иштерди колго ала турган учур келди. 


Мага өз округумдагы маселелер баары белгилүү. Шайлоо алдында болгон эл менен жолугушууларда да бир топ маселелер айтылган. Алардын баары менин көңүлүмдө бекем сакталуу. Эми алардын баарын кезек-кезеги менен парламент трибунасынан көтөрүп чыгып, ишке ашуусун да жеке көзөмөлүмө алып турам. Сиздердин мага аманат катары берген ишенимиңиздерди толук актоого бардык күч-аракетимди, тажрыйбамды жумшайм.


“Кемеге түшкөндүн жаны бир” деген сөз бар. Андыктан 7-чакырылыштын жалпы депутаттарын мандат алгандары менен куттуктап, алардын да иштерине ийгиликтерди каалайм. Ушул чакырылыштын депутаттары, жалпыбыз өз өлкөбүздүн эртеңи үчүн татыктуу иштеп берели. Эртеңки биздин урпактар биз тууралуу жакшы пикирлерин айтып, сыймыктанып тура тургандай эмгек өтөйлү. Мамлекетибизде тынчтык, стабилдүүлүк, токчулук, молчулук жана бакубат жашоо орносун",- деп айтылат Азизбек Турсунбаевдин кайрылуусунда.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Садыралы
Ишинизге ийгилик каалайм. Уктап жаткан депутаттыбыздын ойгонгону кандай жакшы. Эл ичинде койгой чачтат коп . Жер сууларыбыз булганып Эл ууланып жатат. Уй салганга жер алалбай алдыбыз элуудон аштык. Коррупцияны жойдук деген менен кайра эле куч алып жатат .
Адилбек
Мандат кут болсун дайыма элдин ишеничине ээ болуп,батасын алып Эл алдында жузунуз жарык болсун,ар дайым элдин керегине жараган мыкты инсандардан болуп журушунузго тилектешмин, жаны жылыныз менен.
Буларбек
Азиз аке, Аллахтын буйругу экен. Калын элдин окулу болдунунуз. Эми ушул жолу бийликтин эмес элдин депутаты болунуз. Эл ишеничин актаныз. Эми Аллахым куч -кубат, ден-соолук, ыйман берсин!
Айнура
Сиздин да ишинизге ийгилик каалайм.Элдин жугу мойнунузда.Сиз элдин баласысыз.Биз сизди колдойбуз,ишинизге ийгилик.
БАХАДИР
Ишингизга ийгилик калайм Ала бука Ак Курган