Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

31.12.2021 11:09
2054
Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбаев Азизбек Атакозуевич жалпы кыргызстандыктарды жана Ала-Бука, Чаткал районунун тургундарын жаңы жылы менен куттуктады.


Төмөндө Азизбек Турсунбаевдин куттуктоосу:


"Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу Ала-Бука, Чаткал районунун тургундары!


Убакыт деген учкан куш деген сөз бекеринен айтылбаган экен. Эч ким эч качан тизгиндей албаган нерсе же кубулуш – бул убакыт экенин абдан жакшы билебиз. Кечээ эле 2021-жыл босогодон киргени тургандай болду эле, бүгүн болсо, босогодон чыкканы турат. Ал эми алдыбызда жадырап-жайнап жаңы 2022 – жолборс жылы келе жатат. 


Акыркы эки жыл жалпы эле дүйнө эли үчүн оор сыноолор берилген жылдар болду. 2020-жылдын башында пайда болгон коронавирус пандемиясы дагы деле толук жок боло элек. Адегенде анын эпкини өтө чоң жоготууларды алып келди. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ооруканаларга адамдар батпай калганын көрдүк. Алардын катарында Кыргызстан үчүн да пандемия өзүнүн терс таасирлерин тийгизди. Ансыз да алсыз экономикабыздын абалын оорлоштурду. Медицина тармагындагы кемчиликтерибиз оркоюп көрүнүп калды. Ишкерлердин иши токтоп, жумушсуздук бир топ өстү. Бирок, бул кыйынчылыктарды да аркада калтырдык. Элибиз өтө оор күндөрдө бири-бирине кол суна билген, жардамын аябаган берешен, айкөл эл экенин дүйнө элине көргөзө алды. 


Эми босогого келип калган 2022-жыл ар кандай апааттардан, оору-сыркоолордон алыс кылган жыл болсун. Сүйүктүү Кыргызстаныбызда ар тараптуу өнүгүүлөр орун алсын. Жергебизде тынчтык, стабилдүүлүк орноп, элибиздин жашоосу бакубат болсун. Ынтымак жана биримдик, бири-бирибизге урмат-сый менен мамиле жасоо – бул өсүп-өнүгүүнүн ачкычы экенин жакшы түшүнүп калдык. Андыктан ынтымагыбыз эч качан ыдырабасын! 


Жалпы эле Кыргызстан элин, анын ичинде Ала-Бука, Чаткал районунун жашоочуларын кирип келе жаткан жаңы 2022-жыл менен куттуктайм. Ырыскыңыздар эч качан бөксөрбөсүн, ден соолугуңуздар чын, өмүрүңүздөр узак болсун. Ар бир үй-бүлөдө бакыттын шамы жанып турсун!"

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Темирова Н
Рахмат, жалпы кыргыз элинин Жаны жылы менен куттуктайм. Сиздин ишинизге ийгиликтер болсун!?